Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 5,31 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2020 | 686 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 5,1 миллион кишиден ашып, 333 миңден ашуун адам көз жумган. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө 5,31 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 342 миңден ашыгы көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда коронавирус жуктурган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп саналат. Анда 1,61 миллион адамга вирус жуккан. Экинчи орунда Орусия (335,8 миң), үчүнчүдө Бразилия (330,8 миң), төртүнчү орунда Улуу Британия (258 миң), бешинчи орунда Испания (235 миң) турат.

Сингапур илимпоздору коронавирус менен ооруган адамдар симптомдор башталгандан 11 күн өткөндөн кийин жугуштуу болбой калат деген тыянакка келишкендигин Straits Times жазды. Адистер айыгып жаткан бейтаптарды анализдөө коронавирустун бар экендигин көрсөтүшү мүмкүн, бирок бейтаптар башкалар үчүн коркунучтуу эмес деп жыйынтык чыгарды.

Испаниянын бийлиги 1-июлдан баштап чет өлкөлүк туристтердин келүүсүнө уруксат берүүнү көздөп жаткандыгын премьер-министри Педро Санчес билдирди .

New York Times гезити 24-май, жекшемби күнү, АКШда курман болгондордун тизмесин жарыялап, аталган чыгарылышын коронавирустун курмандыктарына арнады. Басылма «Курман болгондордун саны 100 миңге жакындады, эсеп жеткис жоготуулар» деген аталышта чыгарып, «Тизме жөн гана аталыш эмес, ал биз», — деп  кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM