Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы бүгүн, 22-майда, билдирди.
— Учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин баласы Сеид Атамбаев анын ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигин айткан болчу.