Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин ден соолугунун абалы кескин начарлады

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 1397 | 0

Бүгүн, 22-майда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы  кескин начарлап, катуу ооруп калган. Бул тууралуу баласы Сеид Атамбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Буга үчүнчү жолу Алмазбек Атамбаевдин балдарында жана жубайында коронавирус жок экендигин далилдеген документтердин  болгондугуна карабай, айнек тосмо менен жолугушуп, аларды кучактай албаганы себеп болгон.

«Түшүнүксүз жагдай, Атамбаевге коронавирус жок экени тастыкталган туугандары менен жолугуу коркунуч жаратат экен да, ал эми Кой-Таш окуясы боюнча сотто коронавируска карата тест алынбаган ондогон адамдар менен жолугуу коркунуч жаратпайт экен», — дейт Сеид Атамбаев.

Уулунун Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө таянып билдиргенине караганда, абакта экс-президентке катуу моралдык кысым көрсөтүлүп жатат. Бирок ал ден соолугунун абалына  арыздангысы келбейт, бул анын принциптерине жатпайт.

«Жээнбеков менен Опумбаев баштаган бийлик муну тушүнүп, Атамбаевден анын жашоосундагы эң маанилүү нерсени — үй-бүлөсү менен өткөрө турган баалуу мүнөттөрүн  алып жатат», -деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM