Биз менен байланышыңыз

Орусия менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 692 | 0

Кыргыз өкмөтү Орусия тарап менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Биз Орусия менен жаратылыш газынын чыккан баасын төмөндөтүү жана эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн  сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул биз үчүн өтө аярлуу маселе болуп саналат, — деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев бүгүнкү күндө көгүлтүр оттун баасын жөнгө салуу Орусия менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөрүн эске салды.

ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык, газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда. Учурда Кыргызстан өзүнүн чек арасында газды Кыргыз Өкмөтүнүн жана Орус Өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Келишимге ылайык сатып алат , — деди Асрандиев.

Учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары тууралуу документти иштеп чыгуу аяктап, анын алкагында газ ташуунун тарифи талкууланып жатат.

Бул маселени 19-майда мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда талкуулашкан, анда Кыргызстан газды ташып жеткирүү тарифтерин чыгарылган өлкөгө карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди колдоору белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM