Биз менен байланышыңыз

Бишкекте төрт дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 316 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ошол эле учурда стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1313 адамга жетти. Алардын ичинен 929 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM