Биз менен байланышыңыз

Нарында тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 630 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, ошол эле учурда 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктурган 266 учур катталды. Алардын ичинен 221 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Алардын ичинен 910 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM