Биз менен байланышыңыз

Япон компаниясы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 421 | 0

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Kyushukougyo» компаниясынын директору Хиронобу Мацузаки мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Курулуш тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду. Аталган компания сапаттуу инфратүзүмдүк объектилерди куруу боюнча (көпүрөлөр, жолдор ж.б.) алдыңкы тажрыйбага ээ.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча компаниянын өкүлдөрү эл аралык авиакаттамдар кайра жандандырылгандан кийин Кыргызстанга иш сапары менен келүү ниетин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM