Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 2753кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 314 | 0

18-майга карата Өзбекстанда коронавирустук инфекцияны жуктургандардын саны 2753кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна шилтеме берип жергиликтүү басылмалар жазды.

— Өзбекстанда коронавирустук инфекциянын саны 2753кө (+7) жетти, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда өлкөдө коронавирустук инфекциядан 2247 адам айыгып, 494 адам учурда ооруканаларда дарыланууда.

Мындан сырткары, буга чейин Өзбекстанда коронавирус менен ооруган дагы бир бейтап каза болгону кабарланган, алардын жалпы саны 12ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM