Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 255ке жетти

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 313 | 0

Бир сутканын ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган 4 учур катталды.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 18-майдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде ошондой эле 8 медкызматкер стационарлардан сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 255 учур катталды, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Мындан сырткары, Нурболот Үсөнбаев акыркы сутка ичинде 1669 анализге изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6050 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Учурда Кыргызстан боюнча 2236 адам обсервацияда  жатат.

Ошондой эле, 18-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 375 адам стационарда дарыланууда. Алардын ичинен 6 адам реанимацияда жатат.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1216 адамга жетти. Анын ичинен 827 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM