Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мас айдоочу жол чыракта токтоп турган унааны сүзгөн

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 523 | 0

Бүгүн, 17-май күнү болжол менен түнкү саат 01:30да Бишкектин Юнусалиев менен Миррахимов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, «Фольксваген Туарег» жолтандабас унаасы жол чырактын алдында токтоп турган «Тойота Авенсис» унаасын артынан сүзгөн.

Жол кырсыгынан кийин эки унаанын айдоочусу ооруканага баруудан баш тарткан. «Фольксваген Туарег» унаанын айдоочусу мас абалында болгон.

Эки автоунаа тең айып аянтчасына коюлуп, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM