Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Февралдан бери өпкөнүн сезгенип оорусу боюнча 119 учур катталды

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 619 | 0

Ушул жылы февралдан тарта ооруканадан сырткары өпкөнүн сезгенип оорусу (пневмония) боюнча катталган учурлардын жалпы саны 119га жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен:

  • Февраль айында 37 учур катталып, 2 бейтап каза болгон;
  • Март айында 31 учур катталып, 1 бейтап каза болгон;
  • Апрель айында 23 учур катталып, 7 бейтаптан ПЧР-диагностикасына анализдер алынып, бардыгынын жыйынтыгы терс чыккан;
  • 1-майдан 16-майга чейин 28 учур катталып, ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен 2 бейтаптан Covid-19 аныкталган. Алар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM