Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда вирус жуктургандардын саны 1 322ге жетти

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 3096 | 0

Тажикстанда 16-майда кечинде коронавирус дагы 204 адамдан аныкталып, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 322ге жетти. Ошондой эле 36 бейтап каза болгон. Бул тууралуу  өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, учурда 4 326 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып бардык базарлар жабылган.

1-майда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы келген.

Copyright © 2017 Maral FM