Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4,5 млндон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2020 | 428 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 4,337 миллион адамга жетип, андан 297 миң адам көз жумган. Ал эми АКШнын Джонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө 4,543 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 307 миңден ашыгы көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп, инфекция жуккан адамдардын саны 1,44 миллион кишиге жетти. Экинчи орунда Орусия (262,8 миң), үчүнчү орунда Улуу Британия (238 миң), төртүнчү орунда Испания (230 миң), бешинчи орунда Италия (223,8 миң) турат.

16-май күнү эртең менен дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 307 миңден ашты. АКШда жалпы 87,5 миң адам көз жумду.

Коронавирус жайылып башталгандан кийин 10-апрелде каза болгондордун саны 100 миң адамдан ашкан болчу.

25-апрелде коронавирустан курман болгондордун саны 200 миңден ашты. Андан 19 күн өткөндөн кийин дагы 100 миң адам өлгөн.

Италия бийлиги 3-июнда чек араларды ачып, өлкөнүн ички сапарларга уруксат берет. Январь айынын аягынан тартып, аталган өлкөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM