Биз менен байланышыңыз

Япония менен Кореядан 43 кыргызстандык алынып келинди

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 585 | 1

Бүгүн, 14-майда, Япония менен Кореядан Кыргызстандын 43 жараны Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул Тышкы иштер министрлиги тарабынан Өкмөттүн буйругуна ылайык, COVID-19 коронавирустун пандемиясынын таралышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерден Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду.

Келген жарандардын бардыгы белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды алып келүү боюнча иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM