Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 252 миңге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2020 | 519 | 0

Орусияда 14-майга карата 9 974 адамда коронавирустук инфекция тастыкталып, жалпы коронавирус жуктургандардын саны 252,2 миңден ашты. Алардын ичинен 53 миң адам аталган илдеттен айыкты. Өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери жалпысынан 2 305 адам COVID-19дан көз жумду (күнүнө 93 адам). Бул тууралуу РБК жазды.

Орусиянын Федералдык илимий- клиникалык борборунун адистери курсактын ысышы менен коштолгон COVID-19 оорусунун жаңы версиясын баяндап беришти.

Ошол эле учурда Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, SARS-CoV-2 коронавирусу өнөкөт бөйрөк оорусу бар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болуп эсептелинет. Аталган оорусу бар бейтаптарда коронавирустук инфекциянын жугуу коркунучу жогору, ошондой эле жуктургандардын арасында өлүмдүн деңгээли да жогору болот.

Copyright © 2017 Maral FM