Биз менен байланышыңыз

Быйыл 59 миңдей окуучу мектепти аяктайт

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 620 | 0

Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу — артыкчылык аттестатына талапкер. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.

Коронавируска байланыштуу  9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Кыргызстанда жалпы 2 283 мектеп бар, анда 1 млн 311 миңден ашуун бала билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM