Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 4,3 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2020 | 509 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 13-майга карата билдирген маалымат боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 4,17 миллион адамга жетип, 287,3 миң адам көз жумган. Ошол эле учурда Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча, дүйнөдө 4,34 миллиондон ашуун адам инфекция жуктуруп, 297,1 миңден ашык адам көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат, анда илдетке чалдыккандардын саны 1,390 миллиондон ашты. Экинчи орунда — Орусия (242 миң), үчүнчү орунда — Улуу Британия (230,9 миң), төртүнчү орунда — Испания (228 миң), бешинчи орунда -Италия (222 миң).

Италияда коронавирустук инфекция менен ооругандардын жарымынан көбү айыкты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 222 104 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп, 112 541 адам, анын ичинде акыркы 24 саатта 3502 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Вашингтон университетинин Ден соолук көрсөткүчтөрүн баалоо жана өлчөө институтунун маалыматы боюнча, август айына карата АКШда инфекциядан көз жумгандардын саны 147 миң кишиге жетиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM