Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 449 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаңы жуктуруп алган учурлар:

  • Бишкек шаарында– 5;
  • Ош шаары– 1.

Ошол эле учурда стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 247 учур катталды, алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 322 изилдөө жүргүзүлдү. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда. Коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат.

Copyright © 2017 Maral FM