Биз менен байланышыңыз

Самаркандда дарыгер 34 кишиге коронавирус жуктургандыгы аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2020 | 674 | 0

Өзбекстандын Самарканд облусундагы оорукананын дарыгери 34 адамга коронавирус жуктурган. Алардын ичинде жубайы, туугандары, бейтаптар жана кесиптештери да бар. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Облустук прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, оорунун белгилерине карабастан, дарыгер ооруканага кайрылган эмес жана өзүн-өзү дарылап жүрө берген.

Учурда вирусту жуктурган 34 кишинин бардыгы райондук жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.

Аталган жаранга санитардык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.  Мындан улам 13-майдан тарта Самаркандда карантин чаралары күчөтүлдү.

Самарканд облусунда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 173төн 204кө көбөйдү.

Copyright © 2017 Maral FM