Биз менен байланышыңыз

Былтыр банктар 146 млрд сом өлчөмүндө насыя беришти

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 472 | 0

Өткөн жылы Кыргызстан чет элдик инвестициялардын өсүүлөрүн 2,9 пайызга (876 млн доллар) сактады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, негизги капиталга карата инвестициянын көлөмү 6 пайызга өсүп, 162 млрд сомду түздү.

Анын ичинде;

  • Кытай 34%,
  • Канада 13%,
  • Швейцария 12%,
  • Түркия 8.6%,
  • Британия 8.3%,
  • Казакстан менен Орусия 4 пайыздын тегерегинде инвестиция салды.

«Кыргызстандан чыгып кеткен инвестициянын көлөмү 6 пайыздан ашык төмөндөдү. Бул инвестиция жаатында өзүбүздүн стабилдүү экономика иштеп бара жатканын көрсөткөн көрүнүш. Мындан сырткары, инфляцияны бир деңгээлде кармоого аракет жасадык», — дейт өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, өкмөт Улуттук банк менен биргеликте финансы институттары менен тыгыз иштешип,чакан жана орто бизнести насыялоону көбөйттү.

2019-жылы банктар тарабынан 146 млрд сом өлчөмүндө насыя берилди. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 14.5% пайызга өсүп, 18 млрд сомгө көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM