Биз менен байланышыңыз

Путиндин катчысы Песков коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2020 | 517 | 0

Орусия президентинин маалымат-катчысы Дмитрий Песков коронавирусту жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Мындай маалыматты учурда ооуканада эмделип жаткан Песков өзү да тастыктады.

Эске салсак, 30-апрелде Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин да коронавирус менен ооруп калган. Андан сырткары, 1-майда Курулуш министрлигинин жетекчиси Владимир Якушевден, 6-майда Маданият министри Ольга Любимовадан да COVID-19 вирустук инфекциясы аныкталган.

Орусия дүйнөдө коронавирустун жуктургандардын көптүгү боюнча АКШдан кийинки эле 2-тизмеде турат. Алдыңкы 10 өлкөнүн ичинде 2-тизмеде турганы менен, калган өлкөлөрдөн өлгөндөрдүн саны боюнча кыйла айырмаланат. Орусияда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 232 243 (каза тапкандар – 2 116). 

Дүйнө: Коронавирус жуктургандардын саны 4 миллиондон ашты

Copyright © 2017 Maral FM