Биз менен байланышыңыз

Монголияда акыркы күндөрү коронавирус катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2020 | 441 | 0

Монголияда 9-10-май күндөрү коронавирус катталган учур болгон жок. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, Монголияда 8-майда Covid-19 вирустук инфекциясы менен катталгандардын жалпы саны 42 адамга жеткен.

Учурда Монголиянын Улуттук инфекциялык ооруканасында 29 бейтап эмделүүдө. Алардын абалы туруктуу. Ооруканадагы көзөмөл кызматы билдиргендей, 14 адам оорудан толугу менен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM