Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 9-майда жаңы 25 учур катталды. Бешөө медкызматкер

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 788 | 0

Бүгүнкү күндүн 9-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Аларды бешөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Катталгандардын көпчүлүгү — 11 бейтап Нарын облусунан. Бишкек шаарынан – 2, Чүй облусу – 4, Ош облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 4 жана Баткен облусу – 1.

Республика боюнча аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 931ге жетти.

Ошол эле учурда бүгүн, 9-майда 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бишкек шаарынан – 7, Нарын облусу – 1 жаран.

Республика боюнча жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM