Биз менен байланышыңыз

Төрага согуш ардагери Асек Урманбетовду куттуктады

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 496 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Жолугушууда ардагер өмүрүнүн урунтуу учурларын кеп кылып, өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, согуш жана андагы замандаштарынын эрдиктери жөнүндө жаш муундарга байма-бай айтып турарын билдирди.

Ошондой эле ардагер бош убактысында чыгармачылык менен алектенип, роман, поэмаларды жазып келет. Төрага менен жолугушууда «Кылым карыткан өмүр» аталышында китеп жазып жатканын айтты. Чыгарманы 100 жашка чыкканда окурмандарга сунуу тилегинде экенин кошумчалады.

Өз кезегинде төрага Жумабеков Улуу Ата Мекендик согуштагы көрсөткөн каармандыгы үчүн ардагерге ыраазычылык билдирип, согуш ардагерлеринин эрдиктерине таазим кыларын билдирди.

Мекенибиздин бүтүндүгүн, көп улуттуу совет элинин тынчтыгын коргоодо көрсөткөн эрдигиңиздер үчүн башымды ийип таазим этем. Сиздердин эрдигиңиздер биздин жүрөгүбүздө, Кыргызстаныбыздын тарыхында түбөлүк сактала берет. Жаркын келечек үчүн жасаган аракетиңиздердин баасы чексиз, – деди.

Жолугушуунун соңунда төрага Дастанбек Жумабеков ардагерге акчалай жардам жана атайын белектерди тапшырып, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат тиледи.

Copyright © 2017 Maral FM