Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Улуу жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого Москвага барды

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 846 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Copyright © 2017 Maral FM