Биз менен байланышыңыз

Лейлекте жүргөн сел 55,2 млн. сомдук зыян алып келген

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 1131 | 0

2-майда Баткендин Лейлек районунда катталган сел алып келген чыгым 55 млн. 267 миң сомго жетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замир Аскаров табыгый кырсыктын кесепеттери боюнча парламентте маалымат берип жатып айтты.

Сел жүргөн аймакта 116 турак жайга суу кирип, 1 турак жай бузулган. Бир бала бакчанын жер төлөсүнө суу толуп жана бир нечесинин короосун каптаган. Сел 61 чакырым жолду, өндүрүш ишканаларын да жабыркаткан, бир чарбалык көпүрө авариялык абалга келген. Тилсиз жоодон 32 гектар бак-дарак жабыркап, мөндүр уруп салган.

− Райондун борбору Исфана шаарында селден беш бодо мал аккан. Алдын ала элге шашылыш билдирүүлөр, эскертүүлөр берилип, натыйжасында бир топ жерлер сакталып калган,− деди министр.

Маалыматтарга ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери ӨКМ тарабынан жүргүзүлүүдө. Калыбына келтирүү боюнча 13 техника иштеп жатат. Селдин кесепетинен таза суу кууру иштен чыгып, учурда элге таза суу проблема болуп жатканы, маселе боюнча тийиштүү департамент иш алып барып жатканы белгиленди.

Исфана шаарында жабыркаган турак-жайлар селдин нугу өткөн жерге салынып калганы маалым болду. Министр учурда Экотехинспекция ал жерлердин берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокуратурага арыз менен кайрылганын белгиледи.

Кыргыгидрометтин билдирүүсү боюнча 6-7-8-май күндөрү да Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу нөшөр болуп, сел жүрүү ыктымалдыгы бар экенин өзгөчө кырдаалдар министри эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM