Биз менен байланышыңыз

Чек арачылар Лейлекте Тажикстандан аткезчилик жүк ташыгандарды кармады

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 1665 | 0

Бүгүн, 4-майда, чек арачылар Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жерлигинде 2 Hyundai Porter автоунаасында Тажикстандан Кыргызстанга 3 тонна пияз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кармалган жаранда жүккө тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Алдын-ала алынган далил маалыматтардын негизинде контрабандалык жүктүн жалпы баасы 200 000 сомду түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулган соң жүктөр жана айдоочулар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM