Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирусту жуктуруунун жаңы рекорддук чеги катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2020 | 911 | 0

Акыркы бир сутка ичинде Орусиянын 85 аймагында 10 633 адамда жаңы коронавирус инфекциясы катталды. Өлкөдө жалпы коронавирусту жуктургандардын саны 134 887 адамга жетти. Бул тууралуу ыкчам штабдын маалыматына таянып РБК жазды. Бул — Орусияда инфекциянын пайда болушунан бери катталган жаңы рекордук көрсөткүч. Кечээ, 2-майга карата, бир сутка ичинде 9,6 миң адамда коронавирус аныкталып, ага чейин катталган эң жогорку көрсөткүч болгон.

Жаңы учурлардын жарымынан көбү (5 345 адам) байланышта болгон адамдарда аныкталган. Москвада дээрлик 6 миң адамга вирус жуккан. Борбордо аталган ооруну жугузгандардын  жалпы саны 68,6 миң адамга жетти. Инфекция жуккан адамдардын саны боюнча Москва району экинчи орунда турат. Анда 822 адамда жаңы учур катталып, жалпы коронавирус жуктургандардын саны 14 миңден ашты. Үчүнчү орунда Санкт-Петербург шаары болуп, бир суткада 295 адамда аныкталып, жалпы 5 029га жеткен.

Маалыматка ылайык, жаңы жуктурган адамдардын көпчүлүгүн 18-45 жаштагы адамдар түзөт, алардын үлүшү 39,2%. Оорулуулардын 36 пайызын 46 жаштан 65 жашка чейинкилер түзөт. Ал эми, 66 жаштан 79 жашка чейинки адамдар 10 пайызды түзөт. Ошондой эле, 80 жаштан жогорку жаштагылар 5,5 пайызды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM