Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 127ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2020 | 575 | 0

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 127ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат жыйында билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстанда 3-май, саат 10.00гө карата коронавирустук инфекциянын саны 2 127ге жетти , — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда өлкөдө 1 271 адам коронавирустук инфекциядан толук айыгып, 9 адам көз жумган.

Андан тышкары, Кашкадария жана Жиззах облустарында коронавирусту жуктурган бардык бейтаптар оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM