Connect with us

Вирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөнөт

Кыска кабар | 3 Май 2020 | 644 | 0

Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөө боюнча өкмөттүн буйругу даярдалып жатат.

2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумган. Алардын бири – медицина кызматкери, ал №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган Жүзүмкан Көкүмбаева, экинчи бейтап 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну.

Жалал-Абад облусунун тургуну Орусияга барып, 28-апрелде Кыргызстанга учуп келип, обсервацияга алынган. Алынган анализдеринде коронавирус аныкталган. Бейтап Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына которулган. Ал жерде дарылануусун өтүп жаткан. Ал эми медкызматкер болсо №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери менен байланышта болгондуктан ага да жуккан. Ал дагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылган, — деди Акматова.

Ал кошумчалагандай, эки бейтап тең кошумча оорулар менен ооруган.

− Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, — деди Акматова.

Copyright © 2017 Maral FM