Биз менен байланышыңыз

Дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын өмүр-таржымалы

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 2368 | 0

2-майда Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жаш курагында коронавирус илдетинен көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жүзүмкан Асановна саламаттыкты сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон, —  деп эскерүү менен жакындарына көңүл айтты.

Некролог

Жүзүмкан Асановна ак ниеттүүлүк менен жашап, иштеп, өлкөсү үчүн чыныгы дарыгердик жана жарандык милдетин аткарды.

Жүзүмкан Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Улахол айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп, андан кийин №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенди.

Саламаттыкты сактоонун отличниги, саламаттыкты сактоо мекемелеринде 30 жылдан ашык иштеген жогорку категориядагы дарыгер. Жүзүмкан Асановнаны жумушунда профессионалдыгын, ал эми үйүндө камкордугун, сабырдуулугун жана ак көңүлдүгүн баалашкан. Анын жаркын элеси кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун жүрөгүндө сакталат.

Өз ишин мыкты билген кесипкөй дарыгер, эмгек жолун жаңы баштаган дарыгерлердин бир нече муунун өстүрүп чыгарган, жаш кесиптештеринин насаатчысы, мыкты жетекчи, үйдө мээримдүүжана камкор эне эле. Анын жаркын элеси жакындарынын, кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Copyright © 2017 Maral FM