Биз менен байланышыңыз

Сутка ичинде дагы 7 дарыгерде коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 480 | 0

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер:
• Чүй облусунда – 2;
• Бишкек шаарында – 5.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 795ге жетти. Жалпы 564 бейтап айыгып, 10 киши коронавирустан улам каза болду. Алардын бири-дарыгер.

Copyright © 2017 Maral FM