Биз менен байланышыңыз

Орусия: биринчи жолу сутка ичинде 9,6 миң адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2020 | 751 | 0

Орусияда бир сутка ичинде 9623  адамда коронавирус жуккандыгы аныкталды. Пандемия башталгандан бери биринчи жолу бир сутка ичинде 9 миңден ашык адамда коронавирус аныкталды. Өлкөдө инфекция жуккандардын жалпы саны 124 миңди түздү. Сутка  ичинде 57 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 1222ге жетти.

— «Акыркы сутка ичинде Орусияда жаңы коронавирустук инфекциянын 9623 учуру аныкталды. Жалпы жуктургандардын саны 124 054 адамга жетти» , — деп айтылат аталган ооруга каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабтын билдирүүсүндө.

Биринчи жолу өлкөдө бир суткада пандемия жуккандардын саны 9 миңден ашты, буга чейин  бир суткада 7933 адамда инфекция жуккан учур катталган болчу.

Штабдын маалыматы боюнча, жаңы учурлардын 46,6%ында эч кандай оорунун симптомдору байкалган эмес.

Жаңы учурлардын жарымынан көбү (5358) Москвада катталып, жалпы оору жугузган адамдардын саны 62 658 адамга жеткен. Андан кийин Москва облусунда акыркы 24 саатта 807 инфекция жуккан учур катталып, аталган облуста вирус жуккандардын  жалпы саны 13 314кө жеткен.

Stopkoronavirus.ru сайтындагы маалыматка ылайык, Москвадан сырткары төмөнкү аймактар эң көп жабыр тарткан:

  • Санкт-Петербург (пандемия башталгандан бери 4734 адам ооруп, 877си көз жумган);
  • Нижний Новгород облусу (2443 адам ооруп, 14ү көз жумган);
  • Дагестан (1662 адам ооруп, 12си каза болгон);
  • Мурманск облусу (1456 адам ооруп, төртөө көз жумган);
  • Краснодар аймагы (1162 адам ооруп, 20сы көз жумган).

Copyright © 2017 Maral FM