Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 238 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2020 | 342 | 0

2-майга карата дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 238 778 кишиге жетти. Бул тууралуу Джонс Хопкинс университети маалымдады.

Учурда дүйнөдө аталган ооруну жуктургандардын саны 3 444 435 адамга жетти. Бир сутка ичинде 87 миңден ашуун адамда коронавирус аныкталды.

АКШ илдетке чалдыккандардын саны боюнча лидер бойдон калууда. Жуктургандардын саны — 1 103 781. Ошол эле учурда 65 068 адам көз жумган. Испанияда 213435 учур катталып, алардын ичинен 24 543 адам каза болгон. Италияда (207 428), Улуу Британияда (178 685), Францияда (167 305), Германияда (164 077) жана Түркияда 122 392 адамда коронавирус аныкталган.

Миннесот университетинин Инфекциялык ооруну изилдөө жана саясат борборунун баяндамасына ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 коронавирус инфекциясы бир нече жылга созулушу мүмкүн. Эксперттердин айтымында, пандемия дүйнө калкынын үчтөн экиси аталган вирус менен ооруп, ага каршы иммунитетке ээ болгонго чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM