Биз менен байланышыңыз

2, 3 жана 4-май айрым мамлекеттик органдар үчүн иш күнү

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 393 | 0

Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2, 3 жана 4-майы иш күндөрү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды.

Ушул документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргызстандын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.

Муну менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2, 3 жана 4-майын иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди.

Copyright © 2017 Maral FM