Бүгүн, 1-майга карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 10 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 5;
Ош облусу — 3;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу — 1.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде 42 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары– 8;
Ош шаары– 10;
Ош облусу — 9;
Жалал-Абад облусу — 3;
Нарын облусу — 11;
Ысык-Көл – 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 756 ге жетти. Жалпы 504 бейтап айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.