Биз менен байланышыңыз

Андрей Белоусов убактылуу Орусиянын премьер-министринин милдетин аткарат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2020 | 512 | 0

Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Андрей Белоусов убактылуу Орусиянын премьер-министринин милдетин аткарат. Бул тууралуу ВВСнин орус кызматы жазды.

Ал өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин коронавируска чалдыгып калгандыгына байланыштуу убактылуу милдетин аткарат.

Мушистин президент Владимир Путин менен болгон видео байланышта: «Жаңы эле коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы чыгып, оору аныкталды», — деген.

Михаил Мишустин Өкмөттөгү бардык негизги маселелер боюнча телефон жана видео байланыш аркылуу активдүү сүйлөшүп башкарып турууну пландап жатат.

Белоусов Мишустиндин жаңы өкмөтүнө ушул жылы январында кирген. Буга чейин ал жети жылга жакын президент Владимир Путиндин жардамчысы болгон.

Белоусов экономикалык өнүгүү, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасы жана инвестициялык климат сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү үчүн жооптуу. Ал убактылуу вице-премьер жана премьер-министрдин милдеттерин айкалыштырат, ошондой эле экономиканын өнүгүшү үчүн жооп берет.

Copyright © 2017 Maral FM