Биз менен байланышыңыз

Бишкекте вирус жуктуруп алган жарандар кайсы конуштардан?

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 1670 | 0

Бишкекте 30-апрелге карата коронавируска чалдыккан 183 адам бар. Алардын ичинен 149 – борбордун тургундары жана 34 – аймактардан келгендер. Ошондой эле,  61и – медициналык кызматкер жана 12си ИИМ кызматкерлери. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов маалымдады.

Азиз Суракматов билдиргендей, калктуу конуштарда абал кооптуу бойдон калууда.

Алсак, Бишкектеги коронавирус илдетин жуктурган 183 адамдын 43ү калаадагы 14 калктуу конуштун өкүлдөрү, 143 адам шаардык дарек боюнча жашайт, ал эми 38 адамдын каттоосу башка шаарларда.

Турак жай конуштардын тизмеси жана оору жуккан адамдардын саны:

Арча Бешик – 16
Ак-Өргө – 3
Көлмө – 7
Ак Босого – 6
Керамический – 2
Ак-Ордо – 1
Ынтымак – 1
Кара Жыгач – 1
Алтын Ордо – 1
Көк Жар – 1
Касым – 1
Мурас Ордо – 1
Тынчтык – 1
Учкун – 1

Copyright © 2017 Maral FM