Биз менен байланышыңыз

Баткен облусу Фергана облусуна азык-түлүк жардамын жөнөттү

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 417 | 0

Баткен облусу кечээ, 29-апрелде, Өзбекстандын Фергана облусунун элине күрүч, алма, картошка азыктарын жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстан Covid 19 оорусунун жайылышына каршы күрөшүү боюнча бир- биринин иш-аракеттерин колдоого алган.

Бул багытта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында, Фергана облусу Баткен облусуна буга чейин кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу костюмдарды, дезинфекциялык каражаттар жана ун азыктарын жиберген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM