Биз менен байланышыңыз

«Дастан» компаниясы жасалма дем алдыруучу аппараттарды оңдоп баштады (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 559 | 0

«Дастан” улуттук ишканасы (мамлекеттик үлүшү — 98%) өндүрүштүк ишин жөнгө салып, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ) оңдоп баштады. Жабдуунун ушул түрүн оңдоону өздөштүрүү чечимин компаниянын башкармалыгы кабыл алгандыгын аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын медициналык мекемелери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар учурдагы кырдаалга байланыштуу көп талап кылынып жаткандыгына байланыштуу ишмердүүлүктү кайрадан карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Биринчи этапта «Дастан» ишканасы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 18 аппаратты оңдойт. Алар Улуттук госпиталдын Германияда жана Түштүк Кореяда өндүрүлгөн аппараттары болуп саналат.

Учурда керектүү жабдыктарды жеткирүү үчүн жабдуунун ушул түрүн чыгарган компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM