Биз менен байланышыңыз

“Апаатка Такаат” долбоорунун алкагында медкызматкерлерге 1000 коргоочу костюм берилди (фото)

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 906 | 0

JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери жана “Элим, Барсыңбы” фонду тарабынан уюштурулап жаткан “Апаатка Такаат” долбоорунун алкагында учурда коронавирус менен түздөн-түз  күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо максатында 1000 комплект атайын вирустан коргоочу формалары тапшырылды.

Костюмдар Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: беткап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.

Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 млн сом чогултулган. Коргонуучу костюмдар республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.


«Четте карап турбаңыз!» Коронавируска каршы күрөшкө жардам берүүнүн жолдору


“Апаатка Такаат” долбоору өлкөбүздө коронавирус илдети коркунучу пайда болгондон баштап эле JIA Бизнес-ассоциоциясынын ишкерлери жана “Элим, Барсыңбы” ККФ тарабынан  жүргүзүлүп келүүдө. Долбоор, өлкөнүн бардык аймактарында аталган уюмдун өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулуп, буга  чейин өлкө боюнча 875 улгайган жана муктаж мекендештерге тамак-аш, вирустан коргонуу үчүн антисептикалык каражаттар берилген. Ошондой эле, коронавирус менен күрөшүп келген медицина кызматекерлерине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине тамак-аш таратылган.

Copyright © 2017 Maral FM