Биз менен байланышыңыз

«Четте карап турбаңыз!» Коронавируска каршы күрөшкө жардам берүүнүн жолдору

Блог , Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1769 | 0

Кыргызстанда 16 жарандын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, ар кандай чектөөлөр киргизилүүдө. Өкмөт колунан келген жарандардын жардам берүүсү үчүн атайын эсеп ачкан. Айрым депутаттар, саясатчылар жана компаниялар, жарандар да өз салымын кошууда. Өлкөдөгү бул абалды жөнгө салууга сиз да өзүңүздүн салымыңызды кошо аласыз. Бул үчүн уюштурулган иш-чаралардын, ар кандай акциялардын тизмесин сунуш кылабыз.

А дегенде өкмөттүн талабын аткарыңыз

Сиз бул илдеттен өзүңүздү сактоо менен вирустун башкаларга жугуусунун алдын ала аласыз. Ошол себептүү тиешелүү органдар айткан сунуштарды эске алып, аны аткарууңуз абзел. Колду таза жууп, беткап кийип, ар кандай антисептикалык каражаттарды колдонуңуз. Кол алышып саламдашуу, адамдар менен жолугуу, зарыл эмес учурда да сыртка чыгуу сыяктуу кыймыл-аракетти токтото туруңуз. Коронавирус тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенип, аларды башкалар менен бөлүшүүдөн алыс болуңуз. Бул боюнча республикалык штабдан жана расмий мекемелерден гана маалымат алыңыз.

Колуңузда болсо, каржылык жардам көрсөтүңүз

Коронавируска каршы күрөшүүдө өкмөттү же бийликти сындашыңыз мүмкүн. Бирок бул бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнөнүн баш ооруткан көйгөйүнө айланганы маалым. Держава аталган, өнүккөн өлкөлөрдү да ойго салып турган учуру. Мындай кырдаалда экономикалык абалы жогору болбогон мамлекет экенибизди эске алып, каржылык жактан колдоо көрсөтүү зарыл болуп турат. Бул максатта өкмөт атайын эсеп ачып, жеке жана юридикалык жактардын жардамын кабыл ала баштады. Бул каражат Финансы министрлигинин көзөмөлүндө болуп, анын коротулушун ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган байкоочу кеңеш текшерип турмакчы. Ошол себептүү шек-күмөнсүз бул эсепке акча которуп салым кошсоңуз болот. Банктык эсеп номуру: 4402011000101373

“Апаатка такаат” долбоору

JIA Бизнес-ассоциациясы жана «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Апаатка такаат!» аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорун баштады. Уюштуруучулардын айтымында, бул саамалык өлкөдөгү улгайган адамдарды коронавирустан коргоону көздөйт. Ишкерлер, ыктыярдуу жарандардын кошкон салымынын арты менен ар кандай социалдык мекемелердин имараттары дезинфекцияланып, улгайган жарандарга азык-түлүк баштыктары, вирустан коргоочу каражаттар таркатылып баштады.

Долбоорго өз салымын кошууну каалагандар төмөнкү жолдор аркылуу жардам бере алат:

Элсом: 0770 00 40 44

Баланс: 0770 00 40 44

МБанк:  0770 00 40 44

Ал эми суроолор боюнча +996 707 163 514 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Оорулууларды гана эмес, дарыгерлерди да коргойлу

Кыргызстандагы “UMMA” журналы коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерди керектүү форма менен камсыздоо боюнча акция баштады. Анда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө вируска кабылган жарандарды дарылоо учурунда өзүнө илдет жуктуруп, каза тапкан дарыгерлер болгонун эске салган. Кыргызстанда да медициналык кызматкерлер керектүү коргоочу кийимдер менен толук камсыз болбогонун айтып, жарандарды жардамдашууга чакырган. Алынган атайын кийимдер бир гана дарыгерлерге эмес, милиция, ӨКМ кызматкерлерине да берилет. Бир комбинезондун баасы – 900 сом. Бул акцияга кошулуп, жардамдашкыңыз келсе, төмөнкү даректерге каражат которо аласыз:

Элсом: 0776 777 547, Сбербанк: 4276 3800 8544 5430

Бул акция боюнча кененирээк билүү үчүн 0555279595, 0772 665 395 номуруна кайрылыңыз.

Башка бир канча сунуш:

-Демилгелүү жарандар өзү жалгыз же башкалар менен биргелешип, коронавируска каршы күрөшүп жаткан органдардын кызматкерлерине беткаптарды, керектүү кийимдерди таратып жатышат.

-Айрымдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен акылдашып, карантинге алынган аймактын жашоочуларына азык-түлүктөрдү берип жатышат.

-Күнү-түнү кызмат кылып жаткан кызматкерлерге тамак-аш, беткап жана башка жардам көрсөтсөңүз болот. Ал үчүн тиешелүү органдарга же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөзсүз кабарлап, алар айткан таризде бериңиз. Өз башынча аракет кылуу жардамды зыянга айлантуусу мүмкүн экенин эстей жүрүңүз.

-Негизги жардам – өзүңүз эрежелерге баш ийип, вирустан алыс болууга аракет кылганыңыз.

Мындан башка дагы кандай акцияларды билесиз? Бизге кабарлап, бул тизмени толуктоого жардам бериңиз.

Copyright © 2017 Maral FM