Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда бир бейтапка 8-120 миң сом коротулуп жатат. Башка өлкөлөр канча сарптайт?

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 857 | 0

Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточо баасы оордугунун даражасына жараша 8000 сомдон 120 000 сомго чейин түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкен.

Маалыматка ылайык, бул акчага дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирген.

Башка мамлекеттерде илдетти дарылоо канчага бааланары тууралуу:

Өзбекстан
Өзбекстанда COVID-19 илдети менен ооруган орто абалдагы бейтаптын дарылануусуна 32 млн сум ($3160), оор абалдагы бейтаптын дарылануусуна 64 млн сум ($6320) чыгымдалат.

Кытай
Кытайда бир COVID-19 бейтабын дарылоого кеткен чыгашалардын орточо деӊгээли 21,5 миӊ юань (3 миӊ доллардан ашык) каражатты түзөт, коронавирусу бар оор абалдагы бейтапты дарылоого 150 миӊ юань (21,3 миӊ доллар) кетет. Сейрек учурларда өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоого бир нече жүз миӊ юань, кээде 1 миллион юандан да (140 миӊ доллар) көп акча сарпталган.

Коронавирусту дарылоодогу эң кымбат баа АКШда экендиги айтылган. АКШ, Украина, Польша, Чехия жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдө илдетти дарылоо канчага турары тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.


Коронавирусту дарылоонун баасы канча турат? Эң кымбат баа АКШда…

Copyright © 2017 Maral FM