Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту дарылоонун баасы канча турат? Эң кымбат баа АКШда…

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 3540 | 0

Учурда коронавируска чалдыккандардын саны дүйнөдө 2 миллиондон ашты. Ал эми бул илдеттен каза тапкандардын саны 130 миңден ашык. Бул илдетке чалдыккандарды дарылоо ар кайсы мамлекетте ар кандай жүрүүдө. Айрымдары акчага дарыласа, кээ бир мамлекеттерде акысыз дарылашат. Төмөндө айрым өлкөлөрдүн мисалын айтып беребиз.

АКШда 6 күнгө 75 миң доллар

Негизи дарылоонун баасы тууралуу фактыларды баары эле ачык жарыялай бербейт. Бирок айрым булактар аркылуу маалыматтарды табууга болот. Мисалы эң кымбат дарылоо — АКШда. Эгер бул өлкөдө коронавируска чалдыгуунун жеңил түрү катталса, анда бейтап алты күн ооруканага жатышы керек. Бирок камсыздандыруусу жок жарандар үчүн бул баа 75 миң долларды чапчыйт. Ал эми оор абалдагылар кеминде 4 апта дарыланышы керек болсо, анда 300 миң долларга чейин чыгат. Бирок камсыздандыруусу бар жарандар үчүн бул цифралар кыйла төмөн.

Азыркы тапта, АКШ бийлиги коронавирусту аныктоо тестин акысыз кылды. Ошондой эле үйдөн чыкпай дарыланууну каалагандар үчүн атайын колл-центр ачкан. Анда дарыгерлер акысыз кеп-кеңеш берип турат. Ал эми АКШдагы телевидениелер телемедицина кызматын ишке киргизди. Анда аралыктан туруп, дарыгерден кеңеш алуу 34 доллар турат.

Бирок бул маалымат  АКШда акчасы жоктор өлүп кете берет экен дегендик эмес. Мамлекет коронавирус кризисин жоюу үчүн 2,2 трлн доллар акча бөлдү. Анын 130 млрд доллары медицина үчүн берилди. Ал эми ар бир жумушсуз калган жаранга өкмөт 3 айлык маянасын төлөйт. Ошондой эле жылдык кирешеси 99 миң доллардан аз болгондорго да акчалай жардам көрсөтөт. Тагыраак айтканда, бул өлкөдө социалдык коргоо өтө так жолго коюлган. Ошондой эле, АКШда эң чоң кайрымдуулук уюмдары да бар. Үй-жайсыз адамдар үчүн да кайрымдуулук фонддор аркылуу жардамдар берилүүдө.

Орусияда дарылоо акысыз

Жергиликтүү маалымат булактарына таянсак, Орусияда коронавирус инфекциясын дарылоо акысыз жүрүүдо. Жеңил түрү менен ооругандарды дарылоого бир күндө 60 миң рубль (819 доллар) коротулат. Ал эми орто даражадагы бейтап үчүн бир күндө 140 миң рубль (1 904 доллар) коротулууда. Эң оор даражадагы бейтап үчүн күнүнө  202 миң рубль (2 747 доллар) кетет.

12-апрелге чейин Орусия бардык каражаттарды бюджеттен алып келген. Бирок, 12-апрелден тарта бейтаптарды дарылоого милдеттүү камсыздандыруу фондундагы акчаларды жумшай баштады.

Украинада алгач бейтаптарды акысыз дарылап жаткан болчу. Бирок кийинчерээк, жалаң оор жана орто даражадагы бейтаптарды гана акысыз дарылоо чечимин кабыл алды. Себеби орто жана оор абалдагы бейтапты кароого кымбат баалуу дары-дармектер колдонулат. Муну катардагы украиналык жаран өз чөнтөгүнөн төлөй албайт. Мындан улам мамлекет бул милдетти толугу менен өзүнө алды. Украинада бир бейтап үчүн күнүнө орточо 50 доллар сарпталууда.

Польша мамлекети коронавируска чалдыккандардын баарын дарылоону мамлекет өз милдетине алганын жарыялаган. Бул өлкөдө вирус жуктургандардын саны 7 миңден ашкан.

Чехияда да бейтаптар эч кандай акы төлөбөй эле дарыланышууда. Тактап айтканда бул өлкөдө камсыздандыруу маселесине өтө кылдаттык менен каралгандыктан, бардык чыгымдарды камсыздандыруучу компаниялар төлөп берүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM