Биз менен байланышыңыз

Түркиядан келген кыргызстандыктан коронавирус табылды

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 517 | 0

Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн арасында бир адамдан ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап 17-апрелде келген.

Штабдан кабарлагандай, аны менен байланышта болгон адам обсервацияга алынып, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Башка жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин жыйынтыгынан кийин үй карантинге жиберилди.

«Учуп келген учурда бардык жүргүнчү үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн анкетаны толтурат. Эгер үй карантинде болууга жай жок болсо, жарандар 14 күнгө обсервацияга жиберилет», — деп айтылат маалыматта.


23-апрель: Дагы 19 адам коронавирус менен катталды

Copyright © 2017 Maral FM