Биз менен байланышыңыз

23-апрель: Дагы 19 адам коронавирус менен катталды

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 1095 | 0

2020-жылдын 23-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

Алардын аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 8;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 4;
Ош облусу — 3.

19 адамдын бешөө — медициналык персонал, үчөө – дарыгер.

Республика боюнча  коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 631ди түздү.

Анын ичинен:

Стационарда – 321, реанимацияда – 5 адам бар.
Ооруканадан чыгарылды – 302.
Каза тапты – 8.

Аймактар боюнча бөлүнүшү:

Жалал-Абад облусунда – 109;

Ош облусунда – 154;

Ош шаарында — 101;

Чүй облусунда – 34;

Бишкек шаарында – 141;

Баткен облусунда – 6;

Нарын облусунда – 74;

Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 162си медкызматкер, 12си укук коргоо органдарынын кызматкерлери.


COVID-19дан жалпы 302 адам айыгып чыкты

Copyright © 2017 Maral FM