Биз менен байланышыңыз

Курулуш тармагын жакшыртуу боюнча сунуштар

JIA Бизнес -ассоциациясы “Курулуш тармагындагы көйгөйлөр” аталышындагы онлайн-конференция уюштурду. Анда аталган тармактагы актуалдуу көйгөйлөр, COVID-19 пандемиясынын тийгизген таасири, анын ичинде этаптуу долбоорлоо жана курууга уруксат берүүчү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле өрт коопсуздугунун маселелери талкууланды. Ага отуздан ашык ишкер катышты.

Ишкерлердин пикири боюнча, COVID-19 курулуш тармагына терс таасир тийгизүүдө. Мындай учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан каралып жаткан этаптуу долбоорлоо жана өрт коопсуздугу боюнча демилгеленген мыйзам долбоорлору бүтүндөй тармакка оң таасирин тийгизип, экономикалык кризистен чыгууга жардам берет.

Курулуш — эң көп жумуш орундарын түзгөн тармак. Анын артынан бир топ башка бизнестер өз ишин жандантып кетет.

Алсак, Жалал-Абад шаарындагы курулуш компаниялары уруксат кагаздарын алууда кыйналып жатышканын белгилешти. Бул жерде уруксатты алууда Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги маанилүү роль ойнойт. Бул уруксатты алуу кыйын, анткени Жалал-Абад аэропорту өзүнүн айланасындагы санитардык зонаны эки чакырымга кеңейткен. Бул шаардын 70 пайыз аянтын камтыйт.

Ал эми Талас облусундагы ишкер билдиргендей, курулуш компанияларына мамлекеттик мекемелерде аткарылган иштер үчүн подрядчыларга төлөмдөрдүн тездетиши боюнча түшүндүрмөлөр берилген эмес.

Курулуш тармагын жакшыртуу боюнча сунуштар:

-курулуш компаниялардын кредиттик милдеттенмелери боюнча тыныгуу киргизүү,

-мамлекеттик объекттерде аткарылган жумуштар үчүн подрядчыларга төлөмдөрдү тездетүү,

-тармакты колдоо үчүн финансылык жана фискалдык чараларды киргизүү,

-уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү.

Булак: ЖИА бизнес-ассоциациясы

Copyright © 2017 Maral FM