Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарында коронавирус диагнозу коюлгандардын баары айыкты

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 2075 | 0

Нарын шаарында коронавирус жуктурган беш адамдын баары тең айыгып чыкты. Бул маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасында көрсөтүлгөн.

Буга чейин шаарда 5 адам COVID-19 илдети менен катталган, учурда алардын баары ооруну жеңип чыкты. Кочкор районунда дагы бир адамдан вирус аныкталган болчу, ал да айыккан.

Жумгал районунда 10 адамдан аныкталып, бирөө айыгып үйүнө чыгарылган. Нарын облусу боюнча жалпылап алганда 73 учур катталып, жетөө айыкты.

Ал эми Ат-Башы районунда 57 учур катталган, бирөөнүн абалы оор. Айыккандар азырынча жок.

Белгилей кетсек, 15-апрелден тарта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Нарын шаары менен Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизилген.

21-апрелге карата республика боюнча жалпы 590 жагдай катталды. Анын ичинен 216 адам вирустук илдеттен айыкса, 7 киши каза болду.


Коронавирус болгон 147 медкызматкердин 13ү айыгып, кайра жумушка чыкты

Copyright © 2017 Maral FM