Биз менен байланышыңыз

Коронавирус болгон 147 медкызматкердин 13ү айыгып, кайра жумушка чыкты

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 690 | 0

21-апрелге карата тастыкталган COVID-19 диагнозу менен жалпысынан 147 медициналык кызматкер катталган. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

— Бүгүнкү күндө, бардыгы болуп 13 кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинен, 6- дарыгер, 5 — орто медперсонал жана эки башка кызматтагы жарандар, — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан дарыгерлер кайрадан жумушка чыгып, иштеп жатышат.

Республика боюнча жалпы вирус жуктургандардын саны 590го жетти. Алардын 216сы айыкса, 7 адам каза болду.


21-апрель: Коронавирусту жуктурган 22 учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM