Биз менен байланышыңыз

Токаев дарыгерлердин маянасын көтөрүүнү тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 686 | 0

Саламаттыкты сактоо жана билим берүү маселелерин талкуулаган Коомдук ишенимдин Улуттук Кеңешинин отурумунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев медициналык кызматкерлердин маянасын көтөрүүнү тапшырды.

Анын айтымында, айлык акыны мезгил-мезгили менен көтөрүү ушул жылы башталып, 2023-жылга карата өлкөнүн экономикасындагы орточо эмгек акыдан 2,5 эсеге көбөйүшү керек.

«Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо системасы үчүн чоң сыноо болду. Бул эпидемия биздин өлкөдө кесипкөй дарыгерлердин жетишсиздиги, айлык акынын аздыгы, бул кесиптин кадыр-баркынын төмөндүгү жана дарыгерлердин укугунун начарды сыяктуу маселелерди ортого чыгарды» , — деди Токаев.

Copyright © 2017 Maral FM